Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жалпы жамаат менен тааныштырылды
Бүгүн, 21-апрелде өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жалпы жамаат менен тааныштырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аны биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Кубатбек Боронов буга чейин 2011-жылдан тарта аталган министрликти жетектеп келген. Кечээ, 20-апрелде ал биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалган.
Боронов министрликтин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, жаңы министр Нурболот Мирзахмедовдун ишине ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирген. Кечээ, 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште жактырылган. Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамын тийиштүү кызматтарга дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.


Чымчык сойсо да касапчы сойсун деген не действует кыкендерге,тууган-урук,тааныш-билиш,жердеш-пердеш дегендер ээлеш керек кызматты деген принцип менен "онугуп" келе жатабыз айтор..