super.kg logo

Бүгүн өкмөттүн жаңы курамы жалпы жамаатка тааныштырылды

 

Бүгүн, 21-апрелде жаңы дайындалган өкмөттүн курамы ишке киришти. Алар жалпы жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жалпы жамаатына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экономика министри Олег Панкратовду, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахмедовду биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.

Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирген. Кечээ, 20-апрелде Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште жактырылган. Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамын тийиштүү кызматтарга дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.04.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан жакшы, эээң жакшы.
Буйурса өкмөт мүчөлөрү жакшы иштейт.
21.04.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу биздин окмот башчылары деле ойлонсо болмок.Чон Казахстанда мыйзам чыгаруучу палатада 47 депутаты бар бизде 120 ушул жагын ойлонушса болмок
23.04.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батыралиев эмнеге олтурат же аны башка кызматка дайындайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: