super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Абылгазиев алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-апрелде вице-премьер-министрлердин жана өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр өкмөттүк аппарат бийликтин аткаруу бутагынын ишиндеги, атап айтканда, өлкөнүн жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчө ордун баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлердин жана өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин астында өкмөттүн жаңы курамынын иш принциби жана артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Премьер-министр өкмөттүк аппарат республиканын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролун күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, өкмөттүн чечимдерин жана башка ченемдик-укуктук документтерди даярдоодо анын сапатын жогорулатуу зарылдыгы көрсөтүлдү.

Аны менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жалпы ишмердүүлүгүндө коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле президенттик аппарат жана Жогорку Кеңеш менен тыгыз өз аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр өкмөттүк аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнө ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: