super.kg logo
  Спорт  

"Алай" "Академияны" жеңип Топ-Лигада тизмектин сап башына чыкты. "Илбирс" 2-жеңишине жетсе, "Алга" 4-ирет тең чыкты

 

Топ-Лиганын 4-турунун алкагында 21-апрелде 3 беттеш орун алды. Дагы бир беттеш бүгүн, 22-апрелде болот.

Бишкекте "Илбирс" жана "Кара-Балта" командалары кез келип, оюн 3:2 эсебинде талаа ээлеринин эсебине чечилди. Алгачкы голду оюндун 32-мүнөтүндө Исаков киргизип, "Кара-Балта" командасын 1:0 эсебинде алдыга алып чыккан. "Кара-Балта" 49-мүнөттө эсепти 2:0гө айлантып, голду Абдукаимов киргизген. Бирок "Илбирстин" оюнчулары Топ-Лигадагы кезектеги жаңы команда эмес экенин далилдеп 76, 86 жана 90-мүнөттө 3 гол киргизип, атаандашынын үстүнөн оор жеңишке жетти. "Кара-Балта" 3-турда "Алай" менен болгон беттешин кайталап, кезектеги үч упайынан кол жууду.

Кант шаарында "Алга" жана "Нефтчи" командаларынын беттеши орун алды. Оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. "Алга" командасы бул көрсөткүчү менен 4-ирет тең чыкты.

Ош шаарында жергиликтүү эки команда "Алай" жана "Академия" Топ-Лиганын алкагында алгачкы ирет кез келишти. Буга чейинки беттештерде упай ала албаган "Академия" оюндун биринчи бөлүгүндө топко көбүрөөк ээлик кылганы менен гол киргизе алган эмес. "Алайдын" африкалык чабуулчуларынын аракети менен беттештин 70-мүнөтүндө Алиа Силланын ашырып берген тобун Жоел Кожо дарбазага башы менен жолдоп эсепти 1:0гө айлантса, 87-мүнөттө Силла өзү 2-голду киргизген. Беттеш 2:0 эсебинде "Алайдын" жеңиши менен аяктаган.

Турнирдик тизме:

Бүгүн, 22-апрелде Топ-Лиганын 4-турунун алкагында Бишкек шаарындагы Дордой спорткомплексинде саат 16:00дө көп жылдардан бери ички чемпионатта туруктуу каршылаш болуп келе жаткан "Дордой" жана "Абдыш-Ата" командаларынын беттеши орун алат. Буга чейинки беттешинде "Алга" менен тең чыккан "Дордой" бүгүнкү оюнда жеңишке жете албаса, анда "Алай" 10 упайы менен турнирдик тизмекти жетектеп калат. "Абдыш-Ата" командасы буга чейин Топ-Лиганын байгелүү орундарга ат салышкан командалары менен кез келип жакшы оюндарды көрсөткөн. Эгер бүгүнкү беттеште жеңишке жетсе, анда 8 упай менен 2-сапка жайгашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
22.04.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Альдиер катышпай калганбы
22.04.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tyty1990,учуп кеткен
22.04.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай чемпиоооооооон Побеждает всегда ооооон
22.04.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дордой алгааа!!
22.04.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azat.97,))))))) ничья ойноштуго аран командан суйуктуу
22.04.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алай, Алга, Илбирс
Жакшы оюн коргозуп жатышат
Дордой жоголуп эле кеттиго
22.04.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akniet7baiken,2015 жылда Дордойдун 50% оюнчулары чет олкого легионер болуп кеткен.
22.04.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Барса Испания кубогун женип алды.Ушул жанылыктыда чыгарып койсонор болмок Супер инфо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: