Ооруканада апасын жонуна көтөрүп жүргөн келин: "Апамдын айыгышы үчүн болгон аракетимди жумшайм"
Интернетте белине аялды көтөрүп бара жаткан кыздын видеосу тарады. Андагы билдирүүгө ылайык, видео Ош шаарында тартылып алынган.
Интернет колдонуучулар кыздын апасы ооруп баса албайт, арабасы да жок болгондуктан, ал апасын ооруканага жонуна көтөрүп алып барууга мажбур болгон деген ойлорун жазышкан. Ошондой эле көпчүлүгү кыздын бул аракетин баалап, ыраазы болгон сөздөрдү жазышууда.
SUPER.KG порталы апасын жонуна көтөргөн кыз менен байланышты.
Ал Ош шаарынын жашоочусу Жайнагүл Абдыкасым кызы. Өзү 3 баланын энеси. Айтымында, ал апасын жонуна көтөрүп бара жатканын кимдир бирөө видеого тартып алганын байкаган эмес.
"Апам 2-топтогу майып, акыркы жылдары жоон ичегиси да ылдыйлап кетип, көп кыйналды. Ошол күнү апамды ооруканага алып баргам. Анализдерди тапшыртуу үчүн оорукананын бир башынан кийинки башына барууга туура келип жатты. Негизинен көтөрүп алып эч кимге көрүнбөйүн деп жер төлө аркылуу басып жүргөм.
Апам болсо арыктап 32 килограмм болуп калган, өзү 53 жашта. Алсыз, 1-2 кадам басып эле чарчап, баса албай калат. Анан ачка болуп кеткенде тамактанып алуу үчүн жолго чыгууга туура келген. Ошол учурда видеого тартып алышыптыр", - деди Абдыкасым кызы.
Ошондой эле Жайнагүл Абдыкасым кызы атасы каза болуп калганын айтты.
"Чынында ооруган адамга акча көп керек экен. Дарылатуу үчүн бардык жерде эле чөнтөгүңдү карашат. Апам айыгып кетсин, арабага салгандан корком. Бирок ага да ыңгайлуу болсун үчүн убактылуу араба таптым. Бул араба убактылуу эле пайдаланылсын, кийин апам өзү басып кетсин деп тилеп жатам. Апамды жонума көтөргөнүмдү "эрдик" деп эсептебейм, анын айыгуусу үчүн болгон аракетимди жумшайм", - деп кошумчалады Абдыкасым кызы.
кошулду
Апасын жонуна көтөргөн кыз
Ооруган апасын жонуна көтөргөн келин: “Апам басып кетсе деп тилейм“

Башка улут беш кызы кыргызымдын бир кызындай боло албайт!
Ал бейиштин туткасын опкон менен барабар
ата сыйлаган абиир табат.