super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Жалал-Абад шаарында суу түтүктөрүн алмаштырабыз дегендер элди суусуз калтырды"

 

Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнүн тургундары 1 айдан бери ичүүчү суудан кыйналууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.

Анын айтымында, бир ай мурун ошол көчөдөгү мектептин тушундагы көп кабаттуу үйлөргө жана жеке турак үйлөргө кеткен суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн суу токтотулуп, жер казылган.

"Түтүктөрдү "Жалал-Абад Сууканал" башкармалыгы алмаштырабыз деп казышкан. Бирок ошондон бери иш бүтпөй суу жок. Башкармалыкка да мэрияга да бир нече жолу кайрылып, жыйынтык көрө алган жокпуз. Мындан тышкары казылган жерлер толук калыбына келтирилбей, унаалар менен жүргөндө баткактан ыңгайсыздык жаралат", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.04.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалалабаддын центринде бир да таза кочо калган жок баары уңкур-чуңкур, качан оңдолот кудай билет ал эми эл үчүн иштеген мэрия камакка алынып олтурат, ал эми элдик депутаттар бир жылда араң төрага шайлап бир пикирге келишти. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкулү ансыз да ээринде кыйшайып зорго олтурат. Ошондо бул көчөлөр, таза суу жана башка көйгөйлөрдү ким чечет я
22.04.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Артык кылабыз деп тыртык кылыптыр да
23.04.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таласта да ушундай көрүнүш. Жакшынакай асфальт көчөлөрдү казышып чаңын чыгарып салышты. Эми ал көчөлөрдү качан оңдошот бир кудай билет.
23.04.2018. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар исаков артык кылам деп тыртык кылып салды окшойт,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: