super.kg logo

Бишкектеги 80 бала бакчага тамак-ашты жакшыртуу боюнча эскертүү берилди

 

Бишкектеги 80 бала бакчага тамак-ашты жакшыртуу боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Балдар менен өспүрүмдөрдүн гигиенасы менен ооруларды алдын алуу маселесин караган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Мария Кушубакова маалымат жыйында билдирди.

"Быйыл борбордогу 80 бала бакчага тамак-ашты жакшыртуу боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле 121 мектептин ичинен 49 мектепте тамак-аш даярдоого ылайыктуу шарт жок экендиги аныкталды. Ал эми 2017-жылы 74 мектепке санитардык абал боюнча эскертүү берилсе, 43 бала бакчага айып пул салынып, дагы 3 мектептин иши убактылуу токтотулган. Ал бала бакчаларда берилген тамак-ашта белок, май жана углевод аз экени аныкталган", - деди ал.

Ошондой эле учурда өлкө аймагы боюнча 4 миң 260 мектеп жана бала бакча текшерүүгө алына турганын кошумчалады.

"Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакча жана мектептерде шарттар салыштырмалуу жакшы. Ал эми алыскы аймактарда, тактап айтканда, райондордогу шарттар санитардык талаптарга жооп бербейт. Анын жыйынтыгында балдар зыян тартууда", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.04.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оштуда карасындарчы байкуш балдарыбыз каша деп берген тамагы ботко суту жок сууга бышкан коп сийет деп чай беришпейт уйго келип чай деп келишет кипиток берселер суттуу кылып тамак кылсындар ошту да текшергиле директор комиссияларды майлап койот алар текшербейтдагы оздорукун акчасы коп экен часныйларга беришет байкуш карапайым калктын балдарына боло беретда
23.04.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч Бишкек шаарындагы номер 49-садикти дагы текшерип койунуздарчы. "Коровушка" деген садик.
23.04.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалал абад обл аксы рай кош дөбө айылынын садигине бир катту текшерүү керек ал үчүн кимге кайрылуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: