super.kg logo

Тогуз-Торонун тургундары Ак Үйдүн алдына кайрадан митингге чыгышты

 

Тогуз-Торонун 100гө жакын тургуну Ак Үйдүн алдында митингге чыгышты. Алар митингди уюштурууга шектелип камакка алынган 12 адам бошотулсун деген талап коюшууда.

"Бул баш аламандыкты камалган 12 адам уюштурган эмес, бүтүндөй Тогуз-Торо эли уюштурду. Эгер кимдир бирөөнү камаш керек болсо, Тогуз-Торонун акими Тилек Идирисовду, алтын ылгоочу комбинаттын башкы директору Максат Жээналиевди, аткаруучу директору Руслан Асеиновду жоопко тартыш керек. Анткени аталган комбинатты өздөрү эле өрттөп салышып, күнөөнү элге коюп жатышат. Карапайым элде эмне күнөө?! Тогуз-Тородо уулуу заттардын кесепетинен оорунун түрлөрү көбөйүп кетти. Депутаттар ишенбесе ал жерге барып 1 жума жашап көрүшсүн, анан билишет", - дейт митингдин катышуучусу Жыпаркан Атыкулова.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и кармалып Бишкекке алынып келген.

Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. 17-апрелде Биринчи Май райондук соту камакта отургандардын баш коргоо чарасын караган. Алардын үчөө өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирилип бошотулуп, калганы эки айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
23.04.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Колу менен кылгандарын мойну менен тартышсын.
23.04.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамсыз курулуш куруп. Ошол курулушка уруксаат бергендерди камаш керек. Бул жерде бироонун огородуна башка бироо келип сарай салып алып анан огороттун ээси каршы чыгып сарайды орттоп жибергендей эле окуя болуп жатса. Кайра огороддун эсин камаган болмок беле. Баягы эле ар кайсы жерди сузгулоп чындык издеп чыркыраган эл куноолу болуп чыга келет. Анткени ьашкалардай таанышы жок карапайым адамдар камалып суралып,жооп берип кете беришет. Крышасы бар байлар журот баарын баштап коюп. Уяты жоктор.
23.04.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мындай ызы чуу, чаң тополоң чыгарган анархисттерди камаганы эн туура болду. Буларды туурап эртен башка анархисттер чыкпайт - деп эч ким кепилдик бербейт.
iryi1 түзөттү 2018-04-23 14:12:51
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: