super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөр" Петров көлүн пайдалангандыгы үчүн акы төлөшү керек" деди депутат

 

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2015-жылы Петров көлүнөн 5 миллиард 542 миллион метр куб суу пайдаланган. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн пикиринде, "Кумтөр" ал үчүн өкмөттүн 2016-жылы чыгарылган токтомуна ылайык, 13 миллиард 688 миллион 740 сом төлөшү керек болчу.

"Токтомдо бир метр куб суунун баасы 2 сом 47 тыйын деп көрсөтүлүптүр. Демек, бюджетке 13 миллиард 688 миллион 740 сом төлөшү керек эле. Ошондуктан "Кумтөр" пайдаланган суу үчүн акы төлөшү керекпи же жокпу? Биз мамлекеттик, муниципалдык мекемелерди суу пайдаланууга болгон төлөмдөн бошотуп, жалгыз гана "Кумтөргө" төлөтүп турсак жетиштүү болмок", - деди Бакиров.

Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Абабакир Койлубаев "Кумтөр" жогоруда көрсөтүлгөн сумманы төлөбөй койгонун айтты.

"Кумтөр" төлөшү керек эле. Биздин маалыматыбыз боюнча, "Кумтөр" 2009-жылдагы келишимге ылайык, төлөөдөн баш тарткан. Ал эми өкмөттүн 2016-жылы чыгарылган токтомунун негизинде 2016-жылы ишканалардан сууну пайдалангандыгы үчүн бюджетке 175 миң сом каражат түшкөн. Эгерде биз иштеп чыгып жаткан мыйзам ишке ашса, "Кумтөр" акы төлөшү керек", - деп жооп берди Койлубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: