super.kg logo

Базар-Коргондун базарындагы ишкер: "Бир аптадан бери дүкөнүмдү базардагы соодагерлер ачтырбай жатышат"

 

Базар-Коргон районундагы "Жаркынай базарынын" соодагери Чынара Гуламидинова 18-апрелден бери базарда жайгашкан дүкөнүн иштеткенге жергиликтүү соодагерлер каршы болуп жатканын айтып кайрылды.

"Базар-Коргон районунун акими 4-апрелдеги окуядан кийин дүкөндү 3 күнгө жаап тур деген. Мен макул болуп, айтканын кылдым. 18-апрель күнү аким келип, "дүкөндү иштете бер, сага тополоң салган адамдардын ишин милиция менен прокуратура карайт" деди. 21-апрель күнү дүкөндү иштеткенге базарга бардым. Апам дагы жанымда болчу. Бирок базардагы сатуучулар "сен Баткениңе кетпедиңби, дүкөнүңдү иштетесиңби?" деп ызы-чуу салышты. Анын айынан апам башынан жаракат алып, ооруканада дарыланууда. Мен бул боюнча аймактык милиция кызматкерлерине кайрылсам, "митингчилерди карап отура берелиби, булар сени иштетпеди же бизди иштетпеди. Жогору жактан бизге тийиштүү буйруктар түшпөй жатат. Биз бул маселени чече албайт экенбиз, буларга колубуз да тие албайт, бир нерсе болсо арызданып жатып калышат, дүкөнүңдү иштете албайт окшойсуң" деп кетип калышты. Мен дүкөн иштетип, ошол менен жан багам. Эмне себептен ишкердигимди кимдир бирөө токтотуп койгонго акысы бар. Менин укугумду коргоп бере ала турган укук коргоо органдарына акыркы 5 күндөн бери кайрылып жатып, эч бир жооп ала алган жокмун. Мен азыр ур-токмокко алынганым боюнча эмес, базардагы дүкөндү иштетпей жатышкан сатуучуларга чара колдонуп берүүнү суранам", - дейт Чынара Гуламидинова.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 21-апрель күнү жогорудагы айтылган окуя боюнча арыз түшкөнүн тастыктады.

"21-апрелде Базар-Коргон РИИБине Чынара Гуламидинова арыз менен кайрылган. Арызында ал базардагы мөмө-жемиш сатуучу дүкөндө соода кылууга келген учурда базардагы сатуучулар ага каршылык көрсөтүп, иштетпей жатканын айткан. Жазылган арыз боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү адамдардан түшүнүк каттар алынган. Учурда бул боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча ИИМге SUPER.KG порталы тийиштүү суроолор менен кайрылып, басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов буларды билдирди.

"Базар-Коргон базарындагы окуя боюнча маалыматтар бизге азыр гана белгилүү болду. Андыктан жергиликтүү тескөөчүдөн окуя боюнча канча арыз келип түшкөнүн, эмне себептен окуяга тийиштүү чара колдонулбаганын тактап чыгабыз. Эгерде окуянын ырбашына укук коргоо органдарынан күнөөсү бар экени аныкталса, же окуяга салкын мамиле кылынып келсе, ал кызматкерлерге тийиштүү чаралар колдонулат. Андыктан сиздер менен биргеликте бул окуяны толук жыйынтыктайбыз", - деди ал.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы "Жаркынай базарынын" соодагери сабалып, ага базар башчы үстөмдүк кылып, акча талап кылганын 14-апрелде SUPER.KG порталына Чынара Гуламидинова билдирген. Мындан көп өтпөй, бул окуянын экинчи жагы - базар жетекчилигинин атынан базар башчысынын кызы Айдай Чоноева жогоруда айтылган сөздөр жалаа экенин айткан. Мындан улам окуянын чоо-жайын билүү үчүн SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу Базар-Коргон районундагы "Жаркынай базарына" барып атайын иликтөө жасап келген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
23.04.2018. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анжелика менен нурлан насипти бастыго бул эже.Бир тараптуу мыйзамдын негизинде чечилсин эми.
23.04.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Акыркы күндөрү супер инфо гезитинен урушмай модага айланып жатат издешсе деле урушса деле табышса деле гезитке кайрылып өздөрүн таныткысы келип жататко дейм!!!
23.04.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кыргызго акыры болунбой эле журсо болбойбу деймда бизге Озбек Таджик Орус Казак келип Кыргыз болуп бербейт озубуздун Кыргыздарыбыздан калбайлы болунбой эле ынтымакта журойлу
23.04.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
базардагы содагерлерге ынсап берсин иштешине алам кылып атышат окшойт
23.04.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жыландын башы базаркомдо окшойт... Милициянын чондорунун да "оозун майлаган" корунот. Болбосо кантип эле милиция кийлигише албайт?!! Жабырлануучунун озу менен мулкун коргоп беруу мамлекеттин, укук коргоочу милициянын иши эмеспи?!!


Базар-Коргондуктар уят эле силерге, бир ууч кыргызбыз, анан болуносунор Ьазар-Коргондук, Баткендик болуп... Анда Жалал-Абад, Кара-Суу, Ош менен Бишкекте соода кылган Базар-Коргондук соодагерлерди кууйлу Базар-Коргонунарга, болунуучу болсонор...
fantomas түзөттү 2018-04-23 21:10:24
23.04.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Базар коргондун укуккорго органдары мыйзам чегинде иш алып баралышпаса Жогорку Жак деп коркушса буларды тезинен иштен айдаш керек
23.04.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, болуп көрө албастар ачтырбай жатышат да.
23.04.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул аял да кайра кайра гезитке чыга бербей сотко берип ошолор мн сүйлөшпөйбү?Жылдызга айланмай болду го.Кыйын докчу окшойт кичине тарткылап коюшса эле колун байлап келе калганын.
23.04.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Уят Базар Коргондун ажаан катындары. Ош Бишкек Кара-Суу базарларында любой жерден келип соода кылгандар бар. Эч ким эч кимди жериңе кет дебейт.
23.04.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Базар коргондун базарындакы сатуучулар силер баарыңар мээңерди курт жеген мал экенсиңер.Кантип бөлунуп жарылып жатасыңар акмактар десе.Кадамжайдын Халмион базарында жалаң Базар коргондуктар иштейт, ал жакта жакшы ынтымактуу эле кет сети жок соода кылышат го.Негизи жаман калк окшойсуңар ырысы жоктор.Тиги базаркомдо милицияларда да күнөө бар,эмнеге базардакы көк мээ лохторду тынчытып бир жакшы жолго салып коюшбайт.
23.04.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оуу туугандар Базар коргонго асылбагыла. Бул эже озу Баткенде соода кылып, бирок эл менен батышпай, кара сууга келип, ал жерде да батышпай, анан Базар Коргонго келген экен. Эми бул жерге да батышпай, чыр чыгарып атат экен. Оз козум менен корбодумго, бирок жердештерден уктум. Добуш бир колдон эмес, эки колдон чыгаарын унутпайлы.
23.04.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiturgasha,туура айтасын бул эжени жакындан тааныбагандар албетте бул аялга жан тартышынар турган кеп. Бул эжени копчулугу эле жактырышпайт. Коз боемочу катын дешет. Базар-Коргон элине соз тийгизбегиле, бардык жерде эле ажаан соодагерлер болот.
24.04.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NeRiNa,туура мен мобу баткендик ишенген жокмун
23.04.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aiturgasha,оз козун менен корбосон, эмнеге антип айтасын? Эртен бироо оз козум менен окудум газетадан дер ушак жайылат.
23.04.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiturgasha, сени коркуно акылы жарашкан, форумдун алдынкы келиндеринин бири десем, каяктагы ушагынды бул жака ташыйсын да... Ошол сага айткан адамдар чындыкты айтып, анан сен жазып жатасынбы? Же калп болсо да ишенип жазып жатасынбы, Базар-Коргондук кайындарына жан тартып?!!.....
24.04.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fantomas, кызык эле адам экенсиз ким болсонузда. Там бердим...
23.04.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Базардын ээси Баяман Эркинбаевдин эжеси баласы депутат Айбек Алтынбаев буларга ким тиймек эле Базар-Коргонду ээлеп алган баардык жерин милиция да акимда коркот булардан
24.04.2018. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эженин маселесин чечип бергиле уят
24.04.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимде күнөө? Адилеттүү териштирип күнөөлүү кишини татыктуу жазалагыла башкаларга сабак болсун! Трайбализм аябай күчтүү бизде. Ушул нерсенин баары сабатсыздыктан келип чыгат. Баардык жакшылыктар адилеттүүлүктүн артынан келет!!!
25.04.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман эл болбойт жаман эл бузар болот бир аял кишинин айынан Базар-Коргонду элин жамандабагыла сиздерден суранам!! Кыргыз элим сыймыктанган инсандар чыккан бул аймактан!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: