super.kg logo

Парламент комитети Ысык-Көл жээгине 300 метрден жакын аралыкка капиталдык курулуш курууга тыюу салууну колдоду

 

Ысык-Көл жээгине 300 метрден жакын аралыкка капиталдык курулуш курууга тыюу салуу сунушталууда. Буга багытталган мыйзамдын долбоору бүгүн, 23-апрелде 3-окууда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети каралды. Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, "Ысык-Көл" экологиялык – экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метрден кем аралыкта капиталдык курулуш курууга тыюу салуу максатын көздөйт. Учурда иштеп жаткан мыйзамда бул чек 100 метр деп белгиленген.

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске да өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Сунушталган түзөтүү менен ар кандай капиталдык курулуштарды пландоодо, долбоорлоодо жана курууда экологиялык талаптарды бузууда жарандарга 50, кызмат адамдарына 100, юридикалык жактарга 500 өлчөмүндө администрациялык айып салуу каралган", - деди Мирлан Бакиров.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоору сунушталганына 1,5 жылдан ашык убакыт болгонун эске алып, мыйзам долбоорун 3-окууда колдоого алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.04.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурда эле ушундай кылыш керек эле
24.04.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарандарга 50, кызмат адамдарына 100, юридикалык жактарга 500 эмне??? Ушул жерине түшүнбөй калдым...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: