ЖЫЛНААМА, 23-АПРЕЛЬ: Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов 38 жашка чыкты



Мындан 38 жыл мурун, 1980-жылы 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2003-жылы Бишкектеги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасын Финансы министрлигинин Кирешелер боюнча комитетинде кызматкер болуп баштаган. Андан кийин "Манас" эл аралык аэропортунда, "Газпром нефть Азия" компаниясында түрдүү кызматтарда эмгектенген.
Семетей Султанов футболду жаш кезинен бери ойнойт, 1985-1993-жылдары "Семетей-80" командасында оң коргоочу болуп ойногон. 1998-2004-жылдары мини-футбол боюнча "Кани" командасында ойноп, өлкөнүн чемпиону болгон.
2012-жылы август айында футболду өнүктүрүү боюнча коомдук фондун түзүп, анын президенти болгон.
2012-жылы декабрь айында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланган. 2016-жылы ноябрь айында бул кызматка кайрадан шайланган.
Үй-бүлөлүү, бир уул жана бир кыздын атасы.
Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экени белгилүү.
23-апрелдин жылнаамасы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
almanbetperm

23.04.2018. 15:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайната президент болгондон кийин,куйоо бала кантип болбой калсын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.