super.kg logo

Мамэкотехинспекция: "Араванда айыл тургундары мыйзамсыз акиташ өндүрүүдө"

 

Ош облусунун Араван районундагы Ачы айылынын тургундары жайыт багытындагы жер тилкелеринде мыйзамсыз акиташ өндүрүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы билдирди.

"Ачы айылында жергиликтүү тургундар тарабынан акиташ мыйзамсыз өндүрүлүп жатат. Акиташ чыгарууда химиялык уулуу заттар бөлүнүп чыккандыктан, жумушчулардын экологиялык жана техникалык жактан коопсуздугу сакталуусу керек. Учурда жергиликтүү бийликке түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте мындай одоно мыйзам бузуу аракеттерин четтетүү талаптары коюлду. Эгер талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, акиташ чыгарган жеке ишкерлердин гана эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги да мыйзам чегинде сот органдарына өткөрүлүп берилет", - дейт басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: