Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 25-26-апрелде аба ырайы өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар жаайт
Кыргыз өлкөсүндө 25-26-апрель күндөрү аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, нөшөрлөгөн жаан жаайт. Айрым тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Ошондой эле Нарын жана Ысык-Көл облустарында ушундай аба ырайы күтүлүүдө.
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү орун алат. Туруксуз аба ырайы транспорттун каттамына тоскоолдуктарды жаратып, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратышы ыктымал.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.