super.kg logo
  Саясат  

Аксакалдар сотторунун ишин жандандыруу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

ЖКда аксакалдар сотторунун ишин жандандырууга багытталган мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору аркылуу Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске, “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мыйзам долбоорунда анчалык татаал эмес укук бузуу көрүнүштөрүнө, укук коргоо органдарынын катышуусуз эле аксакалдар соту аркылуу акыйкат чечим чыгаруу менен тарбиялоо иштерин жүргүзүү чаралары камтылган. Аксакалдар соту терс жосундарга, ар кандай талаш-тартыштарга карата ыкчам чара көрүү усулу да болуп саналат. Ошону менен бирге аксакалдар соту ишти бекер жүргүзөт. Аксакалдар сотунун төрагалыгына 50 жаштан жогорку курактагы жарандар шайланууга тийиш. Алардын билим деңгээли мааниге ээ болбойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: