super.kg logo

Кытайда эми жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай өткөн жарандарды суу чачып токтотушат

 

Кытайдын Хуанши шаарындагы, Хубэй провинциясында жол чырактын кызыл жарыгы күйгөнүнө карабай өткөн жарандарды суу чачып токтоткон темир түркүк орнотулду. Бул тууралуу Кытай маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол жээгинде орнотулган темир түркүктөр жол эрежесин бузган жарандарга муздак суу чачып турат. Мындай суу чачуучу түркүктөр провинциянын борбордук кең көчөлөрүнө коюлган. Мындан тышкары, жабдуу эреже бузган кишини сүрөткө тартып, аны полицияга жөнөтөт. Ал жерде кишинин ким экени такталып, ошол кесилишке орнотулган экранга аты-жөнү чыгат. Бул жаңы ыкманы ишке ашыруу үчүн шаар бийлиги 207 миң доллар сарптаган.

Көпчүлүк Кытай жарандары бул ыкманы сын көз карашта кабыл алышкан. Айрымдар тамаша катары кабыл алып социалдык тармактарда “жакында чоң апалар чака көтөрүп суу алганы барышат”, “жаан күндөрү жол эрежесин бузуп өтүү кеп эмес” деген билдирүүлөрдү калтырышкан.

Эске салсак, жакында эле Кытайдын Дачжоу шаарында жол эрежесин бузган жарандарды интернеттен кечирим суратып, ал билдирүүсү 20дан ашык “жакты” белгисин топтосо, ал адамды айып пулдан бошотуу ыкмасын колдоно баштаган.






Жол чырактын кызыл жарыгына өткөндөрдү суу чачып токтотушат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.04.2018. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мээ кайнаган аптапта кайра кайра жол эрежесин бузушса керек
24.04.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизгеда коюш керек ушундай
24.04.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизге койуш керек экен
24.04.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизге койсо жакшы болот бирок бир канча миллионду жеп койушат өзү бир көчөттү 9000миңден отургузуп жатышса.
24.04.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош базарына керектүү нерсе экен
24.04.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде, бизге орнотсо дагы бир "ноль" кошулса керек...
24.04.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин аткаминерлер корбосун муну ушундай жасайбыз деп акчанын баарын жешет.
24.04.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Исфанада тратуарда журбогон малдарды артынан келип дубинка менен чаап кете турган кылса жакшы болмок даже сигнал бассан карап да койбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: