super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Баткендеги жаңжал чыккан чек арага кетти

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев Баткен облусунун Айдаркен чек ара отрядынын “Марказ” чек ара тозотундагы жаңжал чыккан жерге кетти.  Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады. Учурда Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүүдө. Эске салсак, бүгүн түнү аталган чек ара тозотунда Өзбекстандын чек арачылары менен Баткен облусунун Сарыбай айылынын тургунунун ортосунда чыккан чырдан кыргыз жаранына ок тийип, каза болгон. Мындан улам, Баткен облусунун тургундары өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салганы үчүн митингге чыгышып, Ош-Баткен жолун тосушкан. Учурда жол ачылганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: