super.kg logo
  Саясат  

Абылгазиев: "Ата мекендик айыл чарба продукциясы чет мамлекеттердин рыногунда кеңири тартууланышы керек"

 

Бүгүн, 23-апрелде өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн административдик ведомство жетекчилери менен өткөн кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн ата мекендик айыл чарба продукциясы чет мамлекеттердин рыногунда кеңири тартууланышы керек", - деди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ата мекендик фермерлерди жана дыйкандарды колдоого алуу жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү сапатын жана көлөмүн камсыздоо аркылуу экспортко багытталган экономиканы уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолгон.

"Биздин ата мекендик айыл чарба продукциясы чет мамлекеттердин рыногунда кеңири тартууланышы керек. Өкмөттүн бул маселедеги негизги милдети жер иштетүүчүлөр үчүн зарыл шарттарды түзүү жана тийиштүү көмөк көрсөтүү болуп саналат", – деп билдирген Абылгазиев.

Ал дагы бир ирет министрлик жана ведомство жетекчилеринин ачык-айкын иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгилеп, аларды активдүү жана натыйжалуу ишке чакырды.

Мындан тышкары, премьер-министр ата мекендик экономиканы "көмүскөдөн" алып чыгуунун өзгөчө маанилүүлүгүн айтып, ага байланыштуу салык жана бажы тармагындагы түзүмдүк өзгөртүүлөр зарылдыгын баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: