super.kg logo

Ошто бир аял өрттөн аман калуу үчүн 4-кабаттан секирип кетти

 

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG порталына ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурланбек Баймуратов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өрт тууралуу маалымат саат 23:20лар чамасында келип түшкөн.

"Ош кичи районундагы 12 кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы батирден өрт чыккан. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберди. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Андан сырткары дагы 3 жаран жеңил жаракат алышкан. Тактап айтканда, жеңил күйүктөрү менен медициналык жардам сурап кайрылышкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда", - дейт Баймуратов.

Айта кетсек, алдын ала алынган маалыматтар боюнча өрттөнгөн үйдө 30 жаштагы Ош облусуна караштуу Алай районунун тургуну ижарага алып жашап келген. Андан сырткары 3 жабырлануучунун өздүгү такталууда.






Ошто көп кабаттуу үйдөгү өрт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
24.04.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз өзүн таштап ийди ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-24 09:50:10
24.04.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корксо да коен олот, коркпосо да коен олот болуптур да.
zhaku2017 түзөттү 2018-04-24 09:45:28
25.04.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колу таалып тушуп кетти
25.04.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эээх бардык жак тарсылдап кыйкырык ызы чуу эстесем жүрөк түшөт сыртка чыккыла баарың деп чыгарып алып киргизбей тоңуп күттүко сырта.анан пожарный жанында туруп келбей телефонун албай балдар барып шаштырып келгени бир саатан ашык.анан дагы отуз жашоочуга жардам көрсөтүлдү дейт эч кимге жардам көрсөтүлгөн жок байкуш апа өзү көптөн бери төшөктө жаькан экен силер качкыла мага карабай дем калабериптир үйүндө аны кийин балдар көтөрүп чыгышты дагы бир кызды көтөрүп чуркап өткөн бир бала скорийлер оо пы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: