super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Арча-Бешикте таза суу өткөн түтүк жайгашкан кудукка таштанды, суу толуп, үстү ачык турат. Ага балдар түшүп кетеби деп кооптонуп жатабыз" дейт окурман

 

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда таза суу өткөн түтүк жайгашкан кудукка таштанды, суу толуп, үстү ачык турат. Ал үйлөргө жакын жайгашкандыктан ата-энелер балдары түшүп кетеби деп кооптонуп жатышат. Мындай маалыматты "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.

"Арча-Бешик конушунун Чортеков жана Кара-Кужур көчөлөрүнүн кесилишинде үстү ачык, ичине таштанды, суу толуп калган кудук бар. Анын тереңдиги болжол менен эки жарым метрдей болот. Ал жерге балдар түшүп кетеби деп коркуп жатабыз. Андан сырткары анын ичинен конушту таза суу менен камсыздаган түтүк өтөт. Ал кудук "Бишкек суу канал" ишканасына карайт, алар ичин тазалап, үстүн жаап бериши керек, бирок дале каралбай турат. Ал жерге кимдир бирөө түшүп кетип, кырсык катталганда гана көңүл бурушабы?!" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.04.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкабай тушуп кетишин мумкун екен
24.04.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми ошол жерге озунор деле бир эки темир табып келип жап койгула да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: