super.kg logo
  Саясат  

"Көчөт маселеси мэр Ибраимовдун ишмердүүлүгүнө терс баа берүүгө аргасыз кылууда" дейт шаардык кеңештин депутаты

 

Албек Ибраимовдун Бишкектин мэри катары ишин кандай баалайсыз деген SUPER.KG порталынын суроосуна шаардык кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Рысбай Аматов төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Ал көчөт маселеси мэрдин ишмердүүлүгүнө терс баа берүүгө аргасыз кылып жатканын айтты. "Бишкекке сатып алынган 9 миң сомдук көчөттөр маселеси өткөн аптада көтөрүлгөн. Азыр бул маселени шаардык кеңештин сессиясына киргизүүнүн жол-жоболору, убактысы каралууда. Мен бул маселени иликтеп, тийиштүү мекемелердин жообун күтүп жатам. Биз мэрдин ишмердүүлүгүнө сөзсүз сессияда баа беребиз.

Ошондой эле менин пикиримде Бишкектеги жаңы салынган жолдордун сапаты боюнча көп көйгөйлөр бар. Бир жылдан бери ушул маселени айтып келем, тилекке каршы, мени кесиптештерим түшүнбөй, колдобой жатышат. Жол маселеси азыр Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп жатат", - дейт Аматов.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Алмаз Кененбаев, Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: