super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралат (өмүр баяны)

 

Башкы прокурор кызматына Жалал-Абад облусунун прокурору Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолу:

1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган.

1999-2008-жылдары Талас шаарынын, Бакай-Ата, Алай райондорунун, Ош облусунун прокуратураларында тергөөчү болуп иштеген.

2008-жылдын 21-январында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кызматына дайындалган.

2011-жылдан баштап Лейлек районунун прокурору болуп иштеген.

2015-жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусунун прокурорлугуна дайындалган.

Айта кетсек, 2018-жылдын 13-апрелинде Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан бошотулган. Президент 10-апрелде Жогорку Кеңешке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизип, депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон.

Индира Жолдубаева башкы прокурорлукка 2015-жылдын 29-январында дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: