super.kg logo

Дарыгер: "Оштогу көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан өрттөн аман калуу үчүн секирген аялдын абалы оор"

 

Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдөгү өрттөн аман калуу максатында секирген аялдын абалы оор. Бул тууралуу 24-апрелде SUPER.KG порталына Ош облустук ооруканасынын башчысы Шайырбек Сулайманов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жабырлануучунун башына операция жасалган.

"Абалы оор бойдон калууда. Көп кабаттуу үйдөн секиргенде, баш сөөгү жабыр тарткан. Башындагы кан тамырлар жарылып, кан уюп калган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, эсине келе элек. Ошондой эле анын аты-жөнү такталып жатат, жашы болжолдуу 25-30дарда", - дейт Сулайманов.

Ошондой эле ал баш-аягы өрттөн жабыр тартып, 6 адам кайрылганын, алардын бешөө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин эле үйлөрүнө кетишкенин айтты.

Айта кетсек, буга чейин Ош шаарынын кичи райондорунун бириндеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканы кабарланган. Анда 6 адам жабыр тартканы белгилүү болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.04.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетишсиндер
24.04.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
maks94.kb, кетишсиндер эмес, кетишсин болот...
25.04.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Секирип аман калам ойлогонго,,,ден соолугу калыбына келеер бекен??кудай шыпаасын берсин..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: