super.kg logo

ӨКМ: "Оштогу көп кабаттуу үйдө 2 батир өрттөнүп, 6 адам жаракат алган"

 

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен чыккан өрттөн 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 23:20лар чамасында түшкөн. Анда 12 кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы 2 батир өрттөнгөн. Анын натыйжасында 6 адам жаракат алган.

"Өрттүн кесепетинен 6 адам жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар: 2001-жылы туулган У Р., 1999-жылы туулган У.А., 1988-жылы туулган А.М., 1996-жылы туулган А.Г. жана 1937-жылы туулган Р.К. аттуу жарандар. Ошондой эле учурда ооруканага жаткырылган дагы бир аялдын аты-жөнү такталып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Ош шаарындагы көп кабатуу үйлөрдүн бириндеги батир өрттөнүп, 4 адам жаракат алганы, алардын бири 4-кабаттан секирип кеткени кабарланган болчу.






Ошто көп кабаттуу үйдөгү өрт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
24.04.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз өзүн таштап ийди ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-24 09:50:10
24.04.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камерага тартпай, жардам бербейсинерби!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: