Бир жыл мурун: Жаш журналист кыз депутат тарабынан коркутуу болгонун жарыялаган. Бул окуянын аягы эмне менен бүттү?
ЖУРНАЛИСТТИ КАЙСЫ ДЕПУТАТ КОРКУТКАН?
ҮПӨЛ АНАРКУЛОВА ДЕПУТАТТЫН КОРКУТУУСУ БОЮНЧА ЧАРА КӨРҮҮ ҮЧҮН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮНӨ КАЙРЫЛГАН
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деген жооп узаткан.
Былтыр август айында КСДПнын саясий кеңешинин отуруму өтүп, бул маселе каралган. Саясий кеңештин мүчөлөрү бул аудиожазуулар КСДПнын аброюна көлөкө түшүргөнүн айтышкан. Ал эми Мусабекова аудиожазуу бурмаланганын айтып, сотто далилдей турганын билдирген. Жыйынтыгында депутаттын жоопкерчилиги соттук териштирүүдөн кийин карала турган болгон.
БИР ЖЫЛДАН КИЙИН
Маселе фракцияда каралат деген фракция лидери Иса Өмүркулов олуттуу маселелер менен алек болуп жүрүп, бул иш унутта калганын айтат: "Андан бери канча революция болду. Башка президент шайланды. Мамлекет үчүн маанилүү болгон маселелер парламентте каралып жатат. Депутаттардын жеке деңгээлине, жеке сүйлөгөнүнө баа бере албайт экенбиз".
Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова окуянын кандай жыйынтыкталганын менден эмес, журналист кыздан сурагыла деп, коомчулуктун ал окуяны унутпаганына нааразы. "Башка маселеңер жокпу? Кыргыз мамлекетинде кесипкөй журналисттердин башка маселеси жокпу", - деди депутат.
Журналист Үпөл Анаркулова турмушка чыгып, учурда чет мамлекетте жүргөнүн анын жакындары билдирген. Учурда жеке иштери менен жүргөнүн айткан журналист бошогондо комментарий бере турганын айткан. Бүгүнкү күнгө чейин жооп келе элек.
кошулду


Ал эми карапайым элдин жашоосуна сын тагып, кемсинткенден алыс болунуз, эртен сиздин абалыныз, мышык ыйлай турган болуп калышы мумкун....