super.kg logo
  Саясат  

"Албек Ибраимов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда" дейт Бишкек шаардык кеңештин депутаты

 

Коомчулукта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу сөз болуп жатат. Анда ал 29-апрелде өтө турган Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесинен кийин кете турганы айтылууда.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев SUPER.KG порталына жогорудагы маалыматты укканын билдирди. "25-апрелде мэр шаардык кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынына келип, отчёт берет. Ошондон кийин маалымат бериши мүмкүн. Так маалыматым жок. Бирок мэр кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда. "Шаардын 140 жылдыгын өткөрүп кетем" десе, туура эле кылып жатат", - дейт Мүзүралиев.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Калперизат Айдарбекова бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. "Мындай маалымат туура эмес. Мэр учурда жумуш ордунда иштеп жатат. Шаардын 140 жылдыгына карата жаныбыз тынбай, чуркап иштеп жүрөбүз", - деди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: