super.kg logo
  Саясат  

Депутат Башкы прокуратуранын кызматкерине 200 миң доллар параны ким бериши мүмкүн экенин айтты

 

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков жакында 200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Чалбаевге ким параны бериши мүмкүн экенин айтты.

"Коррупция менен күрөшүү - сиздин негизги милдеттериңиздин бири. Сиз коррупция менен күрөштү баштаганда, Башкы прокуратурадан баштаңыз. Элде мындай пикир бар "Башкы прокуратурада паранын тарифи 100 миңден 200 миң долларга чейин" деген. Арпачиев 100 миң доллар менен кармалды, Чалбаев 200 миң долар менен кармалды. Кимдин акчасы - Карганбек Самаковдун акчасы. Ал боюнча ачык айтпай жатасыңар. 510 миң долларды Самаковдун ишин бүтүрүш үчүн алмак, бирок 200 миң доллар менен кармалды. Муну эл айтып жатат. Коррупция менен күрөштү Башкы прокуратурадан баштаңыз", - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: