super.kg logo
  Саясат  

Депутат Момбеков башкы прокурорлукка талапкерге Текебаевдин сөзүн эстетти

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция Өткүрбек Жамшитовдун башкы прокурорлукка талапкерлигин карап жатат.

Анда КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков талапкерге камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин мурдагы сөзүн эстетип, маселени териштирүүнү сунуштады.

“Өмүрбек Чиркешович ушул жерден бир сөз айтты эле. "Баткенде аткезчилик ардактуу кесип, контрабанисттин баласы келе жатат" деп сүйлөшөт экен" деп билдирген. Азыр эми Таласта аткезчилик ардактуу кесип болуп калды. "Чоң-Капка деген өткөрмө пункт бар. Ун, май, күйүүчү май да ошол жактан келет. Биз, УКМКнын, ИИМдин өкүлдөрү, жергиликтүү бийликти алып барып караганда эле 4-5 оор жүк ташуучу унаа колго түштү. Ал жерде сиздин кесиптештериңиз бар. Ушул жагын колго алып, аймакта аткезчиликке байланыштуу канча кылмыш иши козголгонун карап чыксаңыз", - деп депутат башкы прокурорлукка талапкерге кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: