super.kg logo
  Саясат  

Депутат ишенбөөчүлүк менен кеткен премьер-министрдин жана баш прокурордун командаларын жумуштан кетирүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карады. Анда депутат Акылбек Жапаров ("Бир Бол") ишенбөөчүлүк менен кеткен өкмөт башчы менен башкы прокурордун жалпы командасын жумуштан кетирүүнү сунуштады

"Бизде тарыхта болбогон эки окуя болду. Биринчиси - ишенбөөчүлүк менен башкы прокурорду, экинчиси - өкмөттү кетирдик. Бирок менин баамында, биз коалиция ушул ишенбөөчүлүккө жакшы көңүл бурбай жатабыз. Өкмөттүн 50 пайыздан ашыгы ордунда калды. Эгерде Башкы прокуратуранын 50 пайыздан ашыгы, 80 пайызы өз ордунда кала турган болсо, анда өз каалоосу менен кеткен менен ишенбөөчүлүк менен кеткендердин ортосунда эмне айырма бар?

Мен такай айтып жүрөм, биз көпчүлүк коалиция жакшы бириге албай, бир иш алып кете албай жүрөбүз. Менин суранычым, дагы бир отурум өткөрүп, премьер-министр "команданы тазалайм" десе, аны тазалаттырып, орун басары, комиссиялардын директорлорун баарын карап чыгыш керек. Өкмөт - жамааттык орган. Ошону менен бирге Башкы прокуратураны да карап чыгыш керек. 500 миң долларды алган адам, жетекчилерсиз ала албайт. Алардын баары ордунда кала берсе, бул чатакка алып келчү нерсе.

Ишенбөөчүлүк менен кеткенден кийин мурдагы прокурордун, мурдагы премьер-министрдин бүт командасы кетиши керек. Мен ушул сунушту депутат катары силерге сунуштайм", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: