Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин күзөтчүсүн эрежесиз уруш боюнча машыгып жүргөн спортчу сабап салган
Москва шаарында Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин күзөтчүсүн эрежесиз уруш боюнча машыгып жүргөн спортчу сабап койгон. Бул тууалуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү саат 13:00дөр чамасында Москва шаарынын Ордынка көчөсүндө 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адам күзөтчүнү себепсиз ур-токмокко алган. Натыйжада жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, баш мээсинин чайкалгандыгы жана жаагынын сынгандыгы аныкталган.
"20-21-апрелде кылмышкерлерди аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, окуя болгон жердеги видео-көзөмөлдөр текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында, 22-апрелде шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал Кыргыз Республикасынын 1996-жылы туулган С.Н. аттуу жараны экендиги аныкталып, кармалган. Кармалган жаран Москва шаарында авиакассалардын биринде иштегендиги, спорттук клубдарда машыкканы жана мелдештерге катышып жүргөндүгү маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал эми аталган кылмыш ишине күбө болгон 21, 20 жана 28 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары полицияга жеткирилген. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын аты-жөнүн аныктоо аракеттери жүрүп жатканы айтылат.
кошулду
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















Кароолчусунан баштап креслодогусуна чейин керсейишет. Бир аз ийкемдуурок болушса жакшы болмок.