super.kg logo

Токмокто бир үй-бүлөгө кол салып, 2 баласын өлтүрүп кеткен каракчылар 4 айдан бери кармала элек

 

Токмокто бир үй-бүлөгө кол салып, 2 баласын өлтүрүп кеткен каракчылар 4 айдан бери кармала элек. Бул тууралуу 24-апрелде SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин жетекчиси Нурлан Сарчаев билдирди.

"Токмок шаарындагы эки баланын өмүрүн алган кылмыштын бети дагы деле ачыла элек. Бул боюнча криминалдык милиция кызматкерлери ар кандай версиялар менен иштеп жатышат. Ал эми балдардын энеси ооруканадан чыгарылып, учурда туугандарынын көзөмөлүндө болуп жатат", - деди Сарчаев.

Эске салсак, 28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, ал эми 1995-жылы туулган баласы 29-декабрда каза болуп калган. Ал эми үйдүн ээси Диля аттуу аял башынын бир канча жеринен жаракат алгандыктан операция жасалган. Ал эми 8-9 жумалык кош бойлуу 16 жаштагы келини да башынан жаракат алган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.04.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын тооба кылдым. Айтылбай келген кырсыктан,бей ажал олумдон сактасын Кудай. Ниеттери бузук адамдардан сактасын. Тооба кылдым .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: