super.kg logo

Кожобек Рыспаев "ЖЭБдеги кырсык боюнча маселеге улам-улам кайрылууну токтотпойбуз" дейт

 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Бишкек ЖЭБдеги кырдаал талкууланып жатат. Жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов баяндама жасады.

Анын баяндамасынан кийин комитет төрагасы Кожобек Рыспаев ЖЭБдеги кырдаал боюнча ошол учурдагы башкы инженер Нургазы Курманбеков эмне үчүн жоопко тартылбаганын сынга алды. "Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ЖЭБдеги жаңылоо боюнча маселелер жаралган болсо убагында жооп бериши керек эле. Андан сырткары, менин таң калганым функционалдык милдет боюнча болуп жатат. Ошол учурдагы башкы инженер эмнеге жоопко тартылган жок? Биз бул маселеге улам-улам кайрылууну токтотпойбуз. Күнөөлүү адамдар жоопко тартылуусу керек", - деди Кожобеков.

ЖЭБдин жетекчиси Андрей Воропаев Нургазы Курманбеков кызмат ордунан алынганын билдирди.

Айта кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек жылуулук электр борборунда өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.04.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Курсагынар кампаятта
24.04.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыйынтык жокко!!!
24.04.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура жыйынтык жокко эсе, миллиардаган сомдордун дайыны жок, аткаруучу майда жетекчилер кармалган болуп элди алаксытып атышат, териштируу Атамбаевке чейин жетбей атат, иш ачылбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: