super.kg logo

Депутат "ЖЭБде кайра кырсык болуп, элди суукта калтырбайбызбы" деп тынчсызданууда

 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 24-апрелдеги жыйынында Бишкек ЖЭБдеги кырдаал талкууланып жатат. Суроо-жооп учурунда депутат Умбеталы Кыдыралиев Бишкек ЖЭБдин жетекчиси Андрей Воропаевге кайрылып, "ЖЭБде жакынкы жылдары кайрадан авария болбойбу, элди кайрадан кышында суукта калтырбайбызбы?" - деп суроо салды.

Андрей Воропаев депутаттын суроосуна так жооп бере алган жок. "Бишкек ЖЭБдин курулганына 55 жылдан ашык убакыт болду. Бул аралыкта быйылкыдай кырдаал жаралган эмес. Албетте, кайрадан мындай кырдаал жаралат же жаралбайт деп так айта албайм, Кудай гана билет. Бирок кайрадан быйылкыдай абал жаралбашы керек", - деди Воропаев.

Анын жообунан кийин Кыдыралиев: "ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынгандардын айрымдарынын күнөөсү жоктур. Бирок камалып отурушат. Биз көп маселелерге көңүл бурбасак, жакшынакай жаш кадрлардан куру кол калабыз. Ошондуктан бардык жагдайда мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү керек", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: