super.kg logo

Баш прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитов кандай байлыгы, канча үйү бар экенин айтты

 

24-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карады.

Анда комитет төрагасы Мирлан Жээнчороев анын байлыгы, үйлөрү, бизнесте жүргөн жакын тууган уруктары боюнча маалымат сурады. “Бизде өткөн тарыхка карасак, жөө келип эбегейсиз байлык топтоп, жол тандабас минип чыгып кеткен башкы прокурорлор болду. Сиз азыр өзүңүздүн байлыгыңыз, жакындарыңызга жазылган бизнестер болсо, ачык айтып койсоңуз”, - деди Жээнчороев.

Өткүрбек Жамшитов өз байлыктарын санап берди. “Эки жыл мурун Бишкек шаарынан ипотекага 2 бөлмөлүү батир алгам. Азыр да аны төлөп бүтө элекмин, учурда кредит төлөп жатам. Мындан тышкары Ош облусунда өзүм туулган айылда ата-энем жашаган үй бар. Алардын баары декларациямда көрсөтүлгөн. Туугандарымдын эч биринде бизнес жок”, - деп жооп берди Жамшитов.

Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана коалициялык көпчүлүк анын талапкерлигин бир добуштан колдогон.

Өмүр баяны:

Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолу:

1997-1998-жылдары - Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

1999-2002-жылдары - Талас шаарынын прокуратурасында тергөөчү;

2002-2005-жылдары - Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокуратурасында тергөөчү;

2005-2006-жылдары - Ош облусунун Алай районунун прокуратурасында тергөөчү;

2006-2008-жылдары - Ош облусунун прокуратурасында тергөөчү;

2008-2011-жылдары - Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасында прокурордун орун басары;

2011-2015-жылдары - Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасында прокурор;

2015-2018-жылдары - Жалал-Абад облусунун прокуратурасында прокурор.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(21)
24.04.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сурай келгенде баары эле олумуш боло калчу эле, итке минген кедеймин деп...

Бул прокурор кандай чыгат, куто туралычы... Атамбаев, Сегизбаев, Жолдубаева, Албек Ибраимов ж.б. кылмыш ишин козгоп, сотто утуп чыкса, анда мактоого татыктуу. Болбосо келип кетип жургон арам тамак, б.. курсактардын бири.....
24.04.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Кредит төлөп атсаң анда базарга барып эле соода кылчы
24.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Азыр жок болсо кетип атканда бюджетти тоноп кетет шашпагыла.
24.04.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Айткан созу чын эле болсо экен эми.
24.04.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмитен эч нерсем жок деп белги берип жатат эртең конверт чөнтөкө батбай калат иш козголгон канча чиновник бар баары кутуктап барса эле эмки апта миллионер болуп каласын Бекназаровго окшоп
25.04.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo,хе хе ,кой андай дебе жакшы тилек жарым - ырыс дейт элибизде.
24.04.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эми баарыын Жаратканым билет!

Балким таза иштээр!
24.04.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
аааа эми мен бул прокурордун эмки жылы бере турган декларациясында мындай деп жазылаарын билем. Анда эмемсе айтып койоюн. Угуп тургула Декларация башкы прокурор 2019 жыл. Башкы прокурор болуп иштеп жатканыма бир жыл болду. Ипотеканы кутулдум. Особняк салдым баасы 250 мин АКШ доллары. Эки унаа маркасы мерс эс класс баасы 20000 АКШ. ленд крузер 2015 жылы чыккан баасы 70000 АКШ. анан жер тилке сатып алдым. Эки магазин сатып алдым. Жакын туугандарымда да бизнестер пайда болду. азарынча ушу дейт.
24.04.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
okumushtuu,кой антип козу ачык боло бербегиле корунушундо тузуктой эле го а может жакшы чыгаттыр жалан прокуратура тармагында жургон киши экен . Эми жесе да ошончолук иштеп берген Адам болсун
25.04.2018. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
okumushtuu, козу ачыктардансын го я?
24.04.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буга чейин эле Далай жерде иштептир корунуп турбайбы, эчак эле ушуга чейин, чогултуп койгонда, байлыкты, корунуп эле турбайбы, досьесинде ,
24.04.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сокенин роднойлорунан турбайбы
24.04.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Farhat25, Бул жагынан жердешчилик болуп кетиптир да. Атамбаев ГКНБга Сегизбаевди алып келсе, Соке башкы прокуратурага укасын алып келген турбайбы
25.04.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tular,anda emne baaryn arkadagylarga bereberiw kerekpi.
25.04.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Чиндин баарын Сокенин жердештери ээлептир... Олкону жалан Жамшит менен Равшандар башкара турган болду,Сокенин мындай аракеттери алыска алып барбайт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-25 10:50:22
25.04.2018. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
surgeon777, ынтымагы жок калк болгонубузга, олкобуздо береке да жок. Кен пейил болгулачы!
25.04.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elmira8084,Сокене айт ынтымактуу болуп баардык аймакка бирдей карасын жердештерин чогулта бербей!
25.04.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
surgeon777,мен Жалалабаттан болом , Акаев келсе колдойт элем...
25.04.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777, э ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-25 10:47:44
25.04.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rafo80, этика нормаларын сактаңыз!
25.04.2018. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизге турктордун Сериалы Карадайыдагындай прокур керек Феридедей крек болсо атасында камаган бирок деген жери бар да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: