Баткенде 5 жашар наристе жоголуп, жансыз денеси Тажикстандан табылды
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка айылынан жоголуп жаткан 5 жаштагы наристенин жансыз денеси Тажикстандан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районунун тургуну билдирди.
Маалыматка ылайык, наристе 23-апрелде кечке жуук жоголгон.
"Кечээ болжол менен саат 19:50 чамасында Арка айылынан 5 жаштагы бала үйдөн чыгып кеткен боюнча изделип жаткан. Анын жансыз денеси эртең менен Тажикстандын Гафуров шаарындагы каналдан табылды. Бала ойноп жатып каналдагы сууга түшүп кетиши мүмкүн деп айтылып жатат. Наристе бүгүн саат 10:00дөр чамасында айылга алынып келип, жерге берилди", - деди тургун.
Ал эми Баткен ОИИБи ушундай окуя катталганын тастыктады.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Кудай сакта!
Сен озун балалуу боло элек окшойсун,болсо 1 же 2.эгер 5-6 балан болгондо минтип жазбайт элен,Ата энесине сабыр берсин...