super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик комитет Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчисине эскертүү берди

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогуловго ишиндеги кемчиликтери үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, комитеттин отурумунда Кадыр Токтогуловдун ишине "канааттандырарлык эмес" деген баа берүү сунушталган, бирок депутаттар эскертүү берүү менен чектелишти. Жогорку Кеңешке АКШдагы кыргыз диаспорасы менен иш начар жүрүп жатат деп дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин дарегине бир нече жолу даттануулар келип түшкөнүн баса белгиледи Нурбаев.

Ошондой эле элчи Кадыр Токтогулов акыркы эки жыл ичинде өз иши боюнча отчёт бербегени айтылды.

Айта кетсек, Кадыр Токтогулов 2014-жылдын 31-декабрында Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Буга чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: