Нарында 11-класстын окуучусу уксус ичип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды
Нарын шаарында 11-класстын окуучусу уксус ичип, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-апрелде Нарын ШИИБинин ыкчам-тергөө тобуна Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн мектеп окуучусу уксус ичип алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анда 2000-жылы туулган М.К. аттуу мектеп окуучусу 22-апрелден 23-апрелге караган түнү уксус ичип, ооруканага болжол менен саат 04:15 чамасында алынып келген.
"Учурда окуучу ооруканада, ал эми бул окуя боюнча Нарын ШИИБи тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.