super.kg logo

Ошто гемофилия менен ооруган 19 жаштагы жаранды милиция кызматкерлери ур-токмокко алган деп шектелүүдө

 

Бүгүн, 24-апрелде гемофилия менен ооруган 19 жаштагы жаранды кармоо учурунда кыйноого алган деген шек менен Ош ШИИБинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча "Эдвокаси" борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде Ош шаарынын прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүмү (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 305-беренесинин 2-бөлүмү (кыйноо) менен Ош ШИИБинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон. Учурда тийиштүү документтер УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

"4-апрелде Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан М.Т. аттуу 19 жаштагы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну телефон уурдаган деп шектүү катары кармалган. Алгачкы сурак жүргүзүүдөн кийин М.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин Ош шаарындагы №5-СИЗОго которулган. Ал эми шектүү тубаса генетикалык оору - гемофилия (кандын уюусунун жетишсиздигинен болгон кан токтобогондук) менен жапа чегип келген. СИЗОнун дарыгерлеринин айтуусунда шектүү камакта болгон 2 күн аралыгында дене табы көтөрүлүп кеткен. Тийиштүү жардам көрсөтүү үчүн "Тез жардам" унаасы чакыртылып, дарыгерлер жаранды Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырган. Тийиштүү дарылоодон өткөрүлүп, бир суткада өзүнө келген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес. Бирок №5-СИЗОго түшкөндө баш мээсинен оор жаракат алганы белгилүү болгону айтылат. Мындан улам бардык документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген. Прокуратура таанышып чыккан соң Ош ШИИБинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон.

Ал эми уурдалган телефон ээсине кайтарылып берилип, шектүүгө карата тосмо арыз жазылып, тараптар бирин-бири кечирген. 23-апрелде М.Т. оорукандан дарылануусун жыйынтыктап, боштондукка чыкканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.04.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оорукчан болсо эмне уурдай берсе боло береби встречный жазса да камаш керек.уурунун орду турмо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: