Ош шаарында ырчы Асел Кадырбекованын кыз узатуу тою өттү














Кечээ, 25-апрелде Ош шаарындагы тойканалардын биринде ырчы Асел Кадырбекованын кыз узатуу тою өттү. Ага Кадырбекова менен сүйүктүүсү Нурлан Насиптин сахналаш достору, туугандары жана жакындары чакырылган. Маалым болгондой, тойдо Нурлан Насиптин күйөө жолдошунун милдетин ырчы Аваз Акимов аткарды.
Асел Кадырбекова кыз узатуу тойду эмнеден улам Ош шаарында өткөрүшкөнүн себебин SUPER.KG порталына айтып берди.
"Биздин туугандарыбыздын көбү Ошто. Мындан улам кыз узатуу тоюн да ушул шаардан өткөрүүнү туура көрдүк. Кыз узатуудан соң Нурлан өз үйүнө алып кетет. Ал эми үлпөт тойду борбор шаарыбызда эле өткөрүүнү пландап жатабыз", - деди ал.
Айта кетсек, буга чейин ырчы Нурлан Насип кесиптеши Асел Кадырбекованын колун сурап, андан соң Кыргыздын салты менен сөйкө салган.
кошулду
Кыз узатуу. Асел Кадырбекова: “Тойдон кийин мени Нурлан үйүнө алып кетет“
Ошто ырчы Асел Кадырбекованын кыз узатуу тою өттү

Асель эки жагына самсаалатып тушуруп койгон чачынды алып эле салсан болмок,ылдый энкейсен самсаалап тамагына тушчудой экен.
А так баары жакшы,жакшы жигитке турмушка чыгып жатасын,сабырдуу болуп жакшы жаша эркелебей жана тамак жасаганды уйронуп ал берекем,инстадагы жарнамалап жургон грилин менен Нурланды гастрит кылып салба))))
Тамаша,бирок чындыкка жараша)
Нурлан Аселди күндө беттеги шпаклекасы менен көрүп жүрүп, үйлөнүп аялы болгондо шпаклевкасыз көрсө жүрөгү түшөөр бекен бул кайдагы катын деп.