super.kg logo

Депутат энергетика тармагына алынып жаткан жабдыктар бат эле жарактан чыгып калып жатканын сынга алды

 

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын билдиришинче, тендер аркылуу алынып келип жаткан товарлар сапатсыз болууда.

"Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бар. Өкмөт өзү да азыр өзгөртүү киргизүү боюнча аракет кылып жатат. Бул боюнча Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке да кайрылганбыз. Азыр энергетика тармагына алынып жаткан жабдыктардын сапаты калды. 20-30 жыл кызмат кыла турган жабдыктар алынбай, 2-3 жыл аралыгында сынып, кайра тендер аркылуу сатып алууга туура келген жабдыктарды алып калдык. Күч органдары сатып алган жактарды "эмне үчүн 10 долларга кымбат алдың" деп сапатына карабай мыйзамга такап жаткан учуру. Муну ортого салыш керек. Заводдон жабдыкты интернет аркылуу көрүп эле сапатын, баасын карап сатып алса болот да. Айыл өкмөттүн унаасынын сынып калган тетигин сатып алууга да тендер жарыялабай, өтө кымбат баадагы жабдыктарды тендер аркылуу алууга уруксат берип, калганын калтырып эле коюш керек", - деди Рыспаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.04.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби сапатына эмес,санына конул бурат.
24.04.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдорубуз кыштан чыкпай агып кетип жатат.
Былтыр жаңы төшөлгөн Төө ашуунун түштүк тарабы тамтыгы чыгып кетиптир.
24.04.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы жыргабай калдык. Любой кыргыз бийликте иштеп калса эле жейт. Келечекте кандай болобуз белгисиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: