super.kg logo
  Саясат  

"Жамшитов прокуратура тармагында бүт баскычтардан өткөнү мени кубандырып турат" дейт депутат Субанбеков

 

Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов туура тандалдыбы, ал эмнеге көңүл буруп, кандай катачылыктарга жол бербеши керек деп эсептейсиз деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков жооп берди.

Депутат башкы прокурорлукка сунушталып жаткан талапкер аталган тармакта бүт баскычтарды өткөнү кубандырып жатканын билдирди.

"Өткүрбек Жамшитовдун таржымалын окуп көрдүм. Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген экен. Мени кубандырып турганы бүт баскычтарды өтүптүр. Катардагы тергөөчүдөн баштап, прокурордун жардамчысы, орун басары болуп иштептир. Ошондой эле өлкөнүн 4 облусунда эмгектенген. Берилген суроолорго дагы так, мазмундуу жооп берип жатат. Бир топ сын-пикирлер айтылды. Аракети болсо жакшы эле иштеп кетет деген пикирдемин. Ал президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча койгон талаптарынын багыты менен иш алып барышы керек. Жоопкерчиликтүү, таза иштеши зарыл", - деди Субанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашова, Айнуру Алтыбаева, Мирлан Бакиров, Урматбек Самаевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: