super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Бакиров: "Өткүрбек Жамшитов жумушту алып кетет деп ишенем"

 

Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов туура тандалдыбы, ал эмнеге көңүл буруп, кандай катачылыктарга жол бербеши керек деп эсептейсиз деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жооп берди.

Бакиров сунушталып жаткан талапкер прокуратура системинде иштеп келген тажрыйбалуу адис экендиги көрүнүп турганын белгиледи. "Албетте, биринчиден, коопсуздук кеңешинин жыйынында президент тарабынан берилген тапшырмалар боюнча жумушту алып баруусу керек. Экинчиден, ар кандай себептерден токтоп турган экономикага тиешеси бар кылмыш иштерин жандандыруусу зарыл. Үчүнчүдөн, саясий жана башка жүйө менен козголгон кылмыш ишинин алкагындагы соттук иштерге да көңүл бурат деп ойлойм. Бул киши Жалал-Абад облустук прокуратурасын жетектеп келди. Жалал-Абад - стратегиялык маанидеги үчүнчү облус. Демек, жумушту алып кетет деп ишенем", - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакирдин Субанбеков, Мирлан Жээнчороев, Урматбек Самаев, Айнуру Алтыбаева, Айсулуу Мамашованын пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: