super.kg logo

Ошто өрттөн аман калуу үчүн 5-кабаттан боюн таштаган аялдын абалы оор бойдон калууда

 

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган аялдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Ошто 12 кабаттуу үйдүн 5-кабатынан боюн таштаган аялдын абалы дале оор бойдон калууда. Азыркы убакта ал комадан чыга элек. Андан сырткары дагы бир жабырлануучу травматология бөлүмүндө дарыланып, операцияга даярданууда. Ал эми 83 жаштагы карыя кырсыктан жаракат алган эмес, бирок өзүнүн оорусуна байланыштуу нейрология бөлүмүнө жаткырылса, дагы бир жабырлануучу өзүн жакшы сезгендиктен үйүнө чыгарылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Өрт саат 23:20лар чамасында болгон. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберди. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.04.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым Ал 12этаж үй жаман болуп кеткен Кудай эскертүү берип жаткансыйт түнкү көпөлөктөрдүн очогу деп коёт ал жерди.кечиресиздер такталбаган маалымат деп айтсаныздар керек.
25.04.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешинчи кабат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: