super.kg logo

Катуу шамалдан Бишкек шаары кандай зыяндарга учурады

 

Бишкек шаарында катталган катуу шамалдан Аламүдүн-1 кичи районунда бак кулап эркек кишинин колун басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-апрелде болгон катуу шамалдын ылдамдыгы 17-20 метрге жеткен.

"Шамалдан Жал кичи районунда мамлекеттик Nissan Serena үлгүсүндөгү жеңил унаанын үстүнө турак үйдүн чатыры түшүп, айдоочу жабыркаган эмес. Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулаган. Ал эми Таллин кыска көчөсүндөгү турак үйүнүн 28 чарчы метр темир чатырын шамал учурган. Аламүдүн-1 кичи районунда кафелердин биринин жанынан бак кулап, 1 эркек кишинин колун басып калган. Жабырлануучу медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасында ооруканага жеткирилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Ошондой эле катуу шамалдан Панфилов, Бөкөнбаев, Тыныстанов, Пушкин, Москва, Коенкөзов жана Махатма Ганди, Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде бактар кулаган. Шамалдан кийин райондук жарандык коргоо комиссиялары жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Чыгыш жана Батыш электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш алып барышкан. Ал эми Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы тарабынан кулаган бактарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөнүн кошумчалады басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.04.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Караанындан кагылам БИШКЕГИМ!!!Боодо кырсыктан Кудайым озу сактасын
25.04.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
9000 сомдук кочотторубузду учуруп кетпеди бекен ошодон кабар алгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: