super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун алкагында тажикстандык "Истиклол" менен беттешет

 

Бүгүн, 25-апрелде АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Оштун "Алай" футболдук клубу тажикстандык "Истиклолду" кабыл алат.

Аталган беттеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алмакчы.

Эске салсак, 11-апрелде "Алай" менен "Истиклол" Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында тандап алуу оюндарынын 3-турунда кез келишкен. Анда тажикстандык клуб 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Муну менен "Истиклол" 7 упай топтоп, турнирдик жадыбалдын башында жайгашкан. Ал эми 5 упайга ээ болгон "Алтын-Асыр" 2-орунду, 4 упай топтогон "Ахал" 3-орунду, ал эми упайсыз "Алай" 4-орунду ээлеген. Оштун "Алай" футболдук клубу буга чейин АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында 2 оюн өткөргөн. Анда 7-мартта 1-турдун алкагында "Алай" түркмөнстандык "Алтын-Асырга" 3:6 эсебинде жеңилсе, 13-мартта түркмөнстандык "Ахал" менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңилип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: