super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футзал боюнча Мектеп лигасы жыйынтыкталып, Дүйнө чемпиондугунун ачылышына бара турган мыкты оюнчу аныкталат

 

Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде футзал боюнча Мектеп лигасынын финалдык беттеши орун алат.

Аталган мелдештин финалында №77 жана №48-орто мектебинин курама командалары беттешсе, 3-орун үчүн беттеште №61 жана №80-орто мектебинин курама командалары күч сынашат.

Мелдештин жыйынтыгында, Дене тарбия жана спорт башкармалыгы мыкты оюнчуну аныктайт. Жаш спортчу Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна катышып, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Орусия-Сауд-Аравия курамаларынын ортосундагы беттешине барат.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна 3-ирет катышууда, аталган долбоордо ар өлкөдөн бирден оюнчуну чогултуп, бир командада ойнотуунун себебин уюштуруучулар, оюнчулар ынтымакташып, бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүп, достошуусуна өбөлгө түзүлө тургандыгы менен түшүндүргөн. Алтынчы ирет өтүп жаткан мелдеште чүчү кулак ташталып, катышуучулар 32 командага бөлүндү. Кыргыз оюнчусу "Ротшильддин акырасы" командасына кирип, мелдеште жарым коргоочу амплуасында ойнойт. Кыргыздан тышкары бир командада Азербайжан, Коста-Рика, Сент-Люсия, Лаос жана Камордун оюнчулары болот.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу бул долбоорго 2016-жылы катышкан, анда бишкектик "Дордойдун" оюнчулары Италиянын Милан шаарына барышкан. Ал эми 2017-жылы долбоорго Мектеп лигасынын мыкты оюнчусу Улан Дүйшөнкулов катышып, Санкт-Петербург шаарына барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: