Талас. Талас шаарында жаңы бала бакча курулат
Талас шаарындагы “Таласалконун” имаратын
КРнын Өкмөтү 3 миллион сомго сатып алып, балдар бакчасын ача тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу премьер-министр Ж.Сатыбалдиев
облусту иш сапары менен кыдыруу учурунда айткан. Имаратты 70 сотых жер тилкеси
менен сатып алууга өкмөттөн каражат бөлүнгөн. Ал эми аны бала бакчага айлантуу үчүн жасап-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылмакчы. Бала бакча
ачылгандан кийин Талас шаарынын карамагына өтөт. Эки кабаттуу имараттын кеңдиги
400 чарчы метрди түзөт. Эске салсак, аталган имарат 1989-жылы кондитер ишканасы катары курулган. Бирок ал өз
багытында иштетилбегендиктен, 2006-жылы “Таласалкого” берилген.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-09-18

12:08
2025-09-18

11:27
2025-09-18

10:37
2025-09-18

Рейтинг:
0

