super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөткө: "Антты түшүнбөгөндөрдүн тагдыры кандай болгонун өзүңөр көрдүңөр. Берген антыңарга бекем болгула"

 
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ант берди
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эрлис Тердикбаев
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Президент жаңы өкмөт мүчөлөрүн куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. "Ант берүүнүн мааниси бул жерге чыгып эле текст окуп берип коюу эмес. Антты кыргыз эли эзелтеден ыйык тутуп, маңызына, жоопкерчилигине, касиетине баа берген. Ант ыйык нерсе, анын тузу, жүгү да оор болот. Ошону көтөрө билишиңер керек. Анттын ыйыктыгын түшүнбөгөндөрдүн тагдыры кандай болгонун өзүңөр көрдүңөр. Берген антыңарга бекем болгула", - деди Жээнбеков.

Өкмөттүн курамы:

– Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

– Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

– Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

– Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

– Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Мурат Мукамбетов;

– Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

– Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова;

– Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;

– Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов;

– Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов;

– Ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев;

– Юстиция министри – Айнур Абдылдаева;

– Каржы министри – Адылбек Касымалиев;

– Экономика министри – Олег Панкратов;

– Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахмедов;

– Саламаттыкты сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

– Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Идрис Кадыркулов;

– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов;

– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Эрлис Тердикбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: