super.kg logo
  Спорт  

Суучул Денис Петрашов Орусиянын чемпиондугунда 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынды

 

Кыргыз спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Орусиянын чемпиондугуна 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Москва шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча Орусия чемпиондугунда Европанын жана Азиянын мыкты суучулдары катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн аталган мелдеште Эл аралык даражадагы спорт чеберлери Владислав Шулико, Денис Петрашов жана спорт чеберлери Азиз Сансызбаев жана Елизавета Рогожникова катышкан. Брасс стилиндеги жарышта Денис Петрашов 100 метр аралыкта коло медаль жеңип, 200 метр аралыкта күмүш медалды тагынды.

Айта кетсек, буга чейин Владислав Шулико баттерфляй стилинде 100 метр аралыктагы жарышта 55,52 секунд жыйынтык көрсөтүп, Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: