super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Өткүрбек Жамшитовду Румыниянын прокурорунан үлгү алууга чакырды

 

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда. Депутат Жанар Акаев Румыниянын башкы прокурорунун ишмердүүлүгү тууралуу мисал келтирди.

"Дүйнөдө Румыниянын прокурорунун аракеттерин абдан талкуулап жатышат. Ал киши сизге үлгү болушу керек. Президенттин бир тууганын түрмөгө отургузду. 47 мэрди, 21 мамлекеттик компаниянын башчысын камакка алды. Үч министрди түрмөгө отургузду. Ал 55 чарчы метр батирде жашайт экен. Бирок ал тарыхта калды. Сизде да ошондой мүмкүнчүлүк болуп турат. Сиз өлкөнү укуктук талаага алып келсеңиз болот эле. Мурдагылардын баары баш аламандык кылып кетти. Прокуратурага болгон элдин ишеними жакшы эмес. Анын баарын, элдин ишенимин кайтарышыңыз керек. Прокуратуранын ичине кирип алып, бандиттик менен алектенгендерди биз Жогорку Кеңеште көтөрүп жүргөнбүз. Ага окшогон адамдардын ордун түрмөдөн көргөзүшүңүз зарыл. Эгерде ишиңизде сын болсо, кемчилик болсо биз айтабыз. Сиздин тажрыйбаңызды көрдүк. Биз ишеним артып турабыз", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: